Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык изилдөө борбору менен “Сорос-Кыргызстан” кору уюштурган тегерек үстөлдө Кыргызстанга жарамдуу жарандык коомдун модели жана анда бейөкмөт уюмдардын ролу кепке алынды. Атуулдук коомду өнүктүрүү жолдору талкууланды. Талкуунун катышуучулары жарандык коомдун өнүгүшү академиялык чөйрөдө жакшы талданбай жатканын белгилешти. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.(EBM)
11:35 Америка университети “Сорос-Кыргызстан” кору менен атуулдук коомдун моделин талкуулашты