Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

12:50 Кыргызстандагы АКШ элчилиги бажы боюнча мамкомитетке 150 миң долларлык жабдуу берди


Элчиликтин “Эксперттик көзөмөл жана чек аралар коопсуздугу” программасынын алкагында алты иликтөөчү жабдуу грант түрүндө берилди. АКШ элчилиги бул жабдууларды колдонууну кызматкерлерге үйрөтүү үчүн үч күндүк окутуу иштерин да өткөрөт. Кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен берилген анализаторлор бажы кызматындагы өткөрүү жана чек ара пунктарында буюмдарды ыкчам таанууга мүмкүнчүлүк берет. “Эксперттик көзөмөл жана чек аралардын коопсуздугу” программасы Кыргызтанда 2000-жылдан бери ишке ашырылып келет жана анда мамлекеттик чек араларда өткөрүү бекеттерин куруу жана жабдуу, кызматкерлерди окутуу, автоунаалар менен камсыз кылуу сыяктуу иш-чаралар каралган. (EBM)

XS
SM
MD
LG