Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

СУРАМЖЫЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭМНЕНИ КӨРСӨТТҮ?

Ушул жылдын 6 – 23-майында Эларалык Республика институту Кыргызстанда төртүнчү ирет социологиялык сурамжылоо иштерин жүргүзгөн. Иликтөөгө 18 жаштан жогорку 1500 кыргызстандык жарандар тартылып, алар биртоп социалдык-саясий суроолорго жооп беришкен. 28-июнда Эларалык Республика институту социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгын маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жарыя кылды.

Эларалык Республика институтунун жергиликтүү жетекчиси Жеффри Лили 2005-жылкы Кыргызстандагы бийлик алмашуусунан кийин төртүнчү ирет социологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады. Өлкөнүн аркыл бурчунан, түркүн курактагы 1500 адамды сурамжылоонун максаты, анын ырастоосунда, өлкө маанайынын кандайлыгын аңдап-билүү амалы болчу.

- Максат: саясий партияларга, мамлекетке, бейөкмөт уюмдарга көмөк көрсөтүү, Кыргызстанга азыркы учурда кандай саясат жүргүзүү керектигин аныктап алуу. Проблемалар толтура, аны кантип чечиш абзел, эл эмнени каалайт?

Кошмо Штаттардын эларалык өнүгүү агенттигинин каржылык колдоосу менен өткөрүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгында иликтөөгө катышкандардын 52% Кыргызстан туура багытта өнүгүп баратканын белгилешкен. Өткөн жылдын күзүндө мындай оптимисттик маанайды кармангандардын саны 10% арбын болчу.

2005-жылдын апрель айында өлкө туура багытта өнүгүп баратканына ишенбегендердин саны сурамжыга тартылгандардын теңине жакынын түзгөн. Ошол эле мезгилде Кыргызстан демократиялык багытта өнүгүп баратышынан шектенгендердин саны кыйла эле азайып кеткени ачыкка чыкты. Социологиялык иликтөөчүлөр тобунун жетекчиси, америкалык Гэллап институтунун Балтика бөлүмүнүн башчысы Раза Алишсаускиененин ырасташынча, көпчүлүк кыргызстандыктардын көңүлүн кайт кылган маселе өлкөнүн саясий туруктуулукка жетише албай келаташы.

- Адамдарга абыдан жакпаган, көңүлүн сууткан маселе - өлкөдөгү туруксуздук менен бийлик үчүн күрөштүн токтолбой келатканы. Суралгандардын 43% бул азыркы бийликтин эң чоң мүчүлүштүгү деп айтышты. Конкрет иштер жасалганы менен бийлик үчүн күрөш күчөп жатканына нааразы экенин билдиргендердин саны өткөн жылдын октябрына караганда эки эсе өскөн. Анда 27% болчу, эми болсо 43%. Адамдарды көбүрөөк кабатыр кылган маселе ушул.

Өлкөнүн саясий токтолго таба албай турушуна апыл-тапыл Конституция кабыл алуу себеп болгонун сурамжыга катышкандардын биртобу белгилешкен. Алардын 4% жаңы кабыл алынган Башмыйзам азыркы бийликтин одоно катасы деп эсептешет. Бийлик башында тургандар өзгөчө көңүл бурчу проблема катары сурамжылоого катышкандардын 46% жумушсуздукту, 37% экономиканы өнүктүрүү зарылдыгын, 21% коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүлбөй жатканын көрсөтүшкөн.

Социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы дагы бир саясий мүчүлүштүктүн жүзүн ачып берди. Саясий партиялардын коом турмушундагы орду мындан ары бекемделип, алардын парламент менен өкмөттү түзүүдөгү ролунун жогорулашы жакшыбы же жаманбы, деген суроого сурамжылангандардын 59% «билбейм» суроосун узатышкан.

- Эми партиялык тизме боюнча шайлоо өтөт, шайлоочулар кайсы партияга добуш берет эле, деген суроого ачык жооптуу эч ким бере албады. Адамдар партияларды билбейт экен. 35% «эч кимисине» добуш бербейбиз, десе, 47% «билбейбиз» деген жообун узатышты. 82% бир да партиянын атын атай алышпады. Кыйла жылдардан бери партиялар иштеп келатса да, шайлоо системасы башкача болгондон, адамдар жеке инсандарга көбүрөөк көңүл буруп калышкан болуу керек,- деп айтты Раза Алишаускиене.

Социологиялык иликтөөдө оппозициянын активдүүлүгүн жактыргандардын катары бул жылы 51% гана түзгөнү белгилүү болду. 2005-жылдын апрелиндеги көрсөткүч 80% болчу.
XS
SM
MD
LG