Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

16:35 Кыргызстандан Түштүк Кореяга жумушчу күч жөнөтүү боюнча меморандумга кол коюлду


Меморандум 24-28-июнь күндөрү миграция жана калкты ишке жайгаштыруу боюнча комитеттин башчысы Айгүл Рыскулованын Түштүк Кореяга жасаган иш сапарынын учурунда жетишилди. Расмий маалыматтар боюнча Кореяда жүргөн кыргыз эмгек мигранттар жылына 25 млн доллар жөнөтүп турат жана буга чейин алардын көбү мыйзамсыз иштеп келген. Эгер кыргыз тарап меморандумдун баардык шарттарын аткарса, бул сан 50 млн долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп болжолдонууда. 2007-жылдан тарта Кыргызстан Кореяга расмий жумушчу күч жөнөтүп туруучу Кытай, Таиланд, Филиппин, Вьетнам, Индонезия, Пакистан, Шри-Ланка, Бангалдеш, Монголия жана Өзбекстан сыяктуу он өлкөнүн ичине кирген. Бул туурасында тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG