Мындай маалыматты депутат Рахатбек Ирсалиев тастыктады. Анын айтымында, мындай кадамды депутат Ирсалиев Жыпаргүл Арыкова Коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Кылмыш Кодексинин 302-беренеси боюнча айып тагылганда эле жасаган. Буга Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын туугандары анын шайлоочулары экендиги, ата-энесинин турак жайы жер титирөө маалында кыйроого учураганы жана адвокат Айжан Касымалиеванын суранычы себеп болгон. Депутаттын бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул маселе боюнча ал төрага менен да сүйлөштү. Төрага Марат Султанов түшкө чейин журналисттерге Жогорку Кеңештен бир да депутат Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кепилдик сурап кайрыла электигин билдирген.(BuS)
17:19 Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап Баш прокурорго бир депутат кайрылган