Африкада Сахара чөлү түштүктү көздөй жылып баратканын, Борборазияда жана башка кургакчыл аймактарда какыр баскан аянттар көбөйүп жатканын адистер көптөн бери эле айтып жүрүшкөн. Докладда бу көрүнүш эми дүйнөлүк масштабдагы экологиялык кризиске айланганы тастыкталат.Эгер тийиштүү чаралар көрүлбөсө, жер жүзүндөгү жалпы калктын үчтөн бири бул апааттан жакынкы жылдарда эле олуттуу азар тартышы мүмкүн, деп эскертишет эксперттер.
Докладда “биябан экспанциясынын” конкреттүү себептери аталат. Баарыдан мурда климаттагы өзгөрүүлөрдүн капшабы менен жер кыртышы бузула баштады. Калкты камыштай калыңдатып жыш отурукташтыруу, сугат иштерин ойгелди жүргүзүү буга кошумча болууда. Адистер кургакчыл аймактардагы бийликтерди жер пайдалануу саясатын өзгөртүүгө,чарба жүргүзүүнүн жаңыча тарыйкасына өтүүгө, мал-жандыктын санын акылга чактап кармоого чакырышат.
Докладдын жетекчи авторлорунун бири Зафар Адил какырчылыктын жайылышы туташ реакцияга айланып,социалдык ополоң-тополоңдорду чыгарышы мүмкүн дейт. Дүйнөдө азыр куралдуу кагылыштардын айынан өз жерин таштап качкандар саны, Британиядагы гуманитардык уюмдардын бири иликтеп чыккан эсептерге караганда, 155 миллионго жетет. Кургакчылык кризиси, докладды даярдаган авторлордун бири Жон Дэвисондун болжолунда, дагы жарым кылымдан кийин дээрлик бир миллиард адамды ушундай ыкыбалга кириптер кылышы ыктымал.
Табигый бу кризиске каршы күрөштөгү чоң проблеманын бири катары эксперттер финансылык тартыштыкты аташкан. Дүйнөлүк доноролор бул долбоорго зарыл болгон суммадан дээрлик отуз процент аз каражат бөлүштү.
Докладда Сахара чөлү жакынкы жылдары ылдайлып жылып, Африкадагы айрым өлкөлөрдү каптап калары эскертилет.Экинчи кооптуу аймак делинип Борборазия аталат. Бул жерде ирригациялык инфраструктуранын тыйпылы чыгып баратат. Арал деңизинин алабындагы чөлкөмдөрдү чөл баса баштады. Кургакчылыктын кааты Кыргызстандын дыйканчылык аймактарында турсун тоо жайыттарында да жердин кутун учуруп жатканын жергиликтүү адистер айтып-дешип, ак мокоп жүрүшөт.
Какыр-такырдын жайылышын, кумдуу чөлдүн жылышын ооздуктоо үчүн айрым өлкөлөрдө натуура ыкмалар колдонулат, делинет документте. Мисалы, Кытайда дарактар отургузулат. Көчөттөргө көп учурда ным керек болот, алар ансыз да кургап бараткан кыртыштагы нымды тартып алып, натыйжада какыр чөлдүн ылдам жайылышына шарт түзүлөт.