Кайрылууда Аксы окуясы боюнча чыныгы күнөкөрлөрү: уюштуруучулар,буйрук бергендер, жол бергендер, аткаруучулар күзгө чейин аныкталып, сот жообуна тартылышпаса, аксылыктар жөө жүрүшкө чыгары эскертилген, ак үйдөгү буйрук берүүчүлөрдүн ысымдары аталып, сот жообуна тартылуусу талап кылынган. Ошондой эле экс-губернатор Султан Урманаевге байланыштуу түзүлгөн парламенттик комиссия маселени түп-тамырынан бери иликтеп, тыянагын коомчулукка жарыяланышы суралган. Кайрылууда мындан тышкары мурда сот жообуна тартылышынкан Зоотбек Кудайбергенов, Данияр Кулуев баштаган Жалалабаддын мурдагы жетекчилери тарабынан депутат Азимбек Бекназаровго, укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Турсунбек акунга каршы негизсиз айыптар тагылып жаткандыгы белгиленип, аларды коргоого аксылыктар даяр экендиги белгиленген. (BuS)