Арал айылындагы Талдыбулак өзөнүндө алтын кенди изилдөө иштери алгач 1970-жылдары башталган. Айрым тоо кендер боюнча адистердин айтымы боюнча башка кендердей эле алтындын баасы төмөндөгөндүктөн улам иш токтотулган. 2005-жылы канадалык “Талас коперголд” компаниясы изилдөө ишин кайрадан баштаган. Ушул жылдын май айында жергиликтүү тургундар тарабынан кендердин иштешине каршы ар кандай акциялар өткөрүлгөндүктөн улам, облустук бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен изилдөө иши убактылуу токтотулган. Азыркы тапта компания өз ишин кайрадан улантты.
Кен изилденип жаткан жерде үлүш жери бар Арал айылынын тургуну Дөөлөткелди Сагыналиев бийлик маселени чечипесе жергиликтү тургундар менен мыйзам чегинде ар кандай акцияларды өткөрөбүз дейт:
- Ал жерде 13 жанга бөлүнгөн жер бар. Былтыр биз түшүмдү жакшы ала алган жокпуз. Себеби машиналар көп, чаң басып атат. Эгер бийлик маселени чечип бербесе, биз өзүбүздүн кызыкчылык үчүн ушул жерде маселе көтөрөбүз.
“Талас коперголд” компаниясында бир жылдан бери иштеп келе жаткан жаш жумушчу Аскат Курманов компания иштесе жаштар жумушчу орундарга ээ болоорун айтууда:
- Жаштар жумуш орун менен камсыз болуп атпайбы. Буравиктерге 15 кишидей алабыз дешкен, бизге 10 киши алынат азырынча. Аралда көптөгөн жаш балдар бош жүрөт, алардын бары жумуш менен камсыз болот эле.
Айылдагы салык инспекциянын кызматкери Орток Мамбеталиев айыл өкмөт башчы Абдысадыр Турусбеков компаниянын айылга берген финансылык жардамын туура эмес пайдаланган деп күнөөлөп келет:
- Салык инспекциянын счетуна түшкөн акчаларды айыл өкмөт башчысы пайдаланган, бир тобун айыл өкмөттүн кызыкчылыгы үчүн, көбү өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кеткен. Счеттон тышкары дагы бөлөк алган акчалары бар экен. Геологдордун оюн элге түшүндүрбөй, элдин оюн геологдорго түшүндүрбөй, экөөнүн ортосунда кагылышууларды жараткан.
Ал эми Арал айыл өкмөт башчы Абдысадыр Турусбеков мындай дейт:
- Биринчи жолу аренда катары 13 миң 700 сом которуп берди. Экинчи жолу жардам деп 20 миң сом, үчүнчү 10 миң сом которуп берди. Аларды районго которуп, алар аркылуу биз алып, жумшаган документтерибиз бар. Ошону ксерокопиядан чыгарып комиссияга бердик карагыла, тактагыла деп.
Өкмөт башчы Турусбеков дагы өз сөзүндө экологиялык көзөмөлдү күчөтүү тууралу буларды айтты:
- Менин жеке оюм мындай, булардын экологияга алып келген зыяны боюнча контролду жакшы жасаш керек. Өздөрүнчө комиссия түзүп алышкан, алар деле аягына чыга албайт го дейм. Мамлекеттик эмес, биздин айылга күйгөн кишилерден түзүлгөн комиссия керек.
Арал айылында ушу тапта 4 миң 320 киши жашайт. “Коперголд” компанияда айыл тургундардан 12 адам эмгектенип келүүдө. Жакынкы арада изилдөө иштерине жумушчу катарында дагы 15 адам алынмакчы. Облустун губернатору Байымбет Мураталиевге аталган компаниянын аткаруу директору Владимир Морозовдун жиберген катында Талдыбулак өзөнүндө 90 тонна алтын, 700 миң тонна жез бар экени жазылган.