АКШнын Питтсбург шаарындагы федералдык сот Орусиянын мурдагы атом министри Евгений Адамовду актаган жок. Ага тагылган айыптар күчүндө калганы кабарланууда. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Адамов толук акталганын жазып чыгышкан. Экс-министр өзөктүк коопсуздукду камсыздоо долбоору боюнча АКШ тарабынан берилген 9 миллион долларды уурдаган деп сыртынан айыпталууда. Ал эки жыл мурда АКШнын өтүнүчү менен Швейцарияда кармалып, Москвага өткөрүлүп берилген. Мурдагы министр Орусияда алдамчылык боюнча айыпталган.