Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:24

«ЖЕБЕ» ЖАШТАР КЫЙМЫЛЫ КАМБАРАТА ГЭСтерин МЕНЧИКТӨӨГӨ КАРШЫ АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ


Бүгүн эртең менен жаштардын «Жебе» кыймылынын ондон ашык мүчөсү жана тарапкерлери Жогорку Кеңештин алдына чыгышып, Камбарата ГЭСтерин менчикке берүүгө каршы нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар колдоруна «Камбарата ГЭСтери элдин ырыскысы», «Менчиктөөгө каршыбыз!» деген сыяктуу жазууларды көтөрүшүп, ушул сыяктуу ураандарды чакырып кыйкырып турушат. Уюмдун мүчөлөрү акциянын негизги себебин, эгер Кыргызстан ГЭСтерди коңшу мамлекеттерге менчикке берип жиберсе анда суу ресурстары башкалардын көзөмөлүнө өтүп кетет деп түшүндүрүшүүдө. Өкмөт мындан мурда Жогорку Кеңешке «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан Камбарата ГЭСтерин чыгарып берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал катуу талаш-тартыш жараткан. 19-июнда парламентке президент Курманбек Бакиев келип, бул мыйзам долбоору күн тартибине кезексиз коюлуп, соңунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.(IJz)

XS
SM
MD
LG