ИИМнин маалымат кызматы билдиргендей Ысыккөлдүн түштүк жээгиндеги Жетиөгүз районунун Тамга айлынын жашоочусу огородундагы башка өсүмдүктөргө кошуп, 19 түп апийим айдап алган. 28-июнь күнү жергиликтүү тартип коргоо органдары тарабынан бардык апийимдин баштары жок кылынган.