Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

КАТ КЕТТИ


Кыргыз элинде «Ат кетти» деген айтылуу күү бар. Биз басма сөз баяныбыздын баштемасын «кат кетти» деп атадык. Анткени бүгүнкү жарык көргөн гезиттердин көбү сүйлөшүп алгансып, калк өкүлдөрүнүн Акүй менен Көкүйгө жазган кайрылуу каттарын баскан.

96-жылы үчүнчү күч пайда болду, ал күч азыркы депутат Ө.Бабанов менен «Кыргызхлопок» жабык акционердик коомунун президенти Б.Ибраимжанов эле. Кыскасы заводду менчиктештирүүнү көздөгөн булар Айдар Акаев менен Адил Тойгонбаевдар аркылуу Аскар Акаевди көндүрүп, акыры максаттарына жеткен болучу. Мына ушундай мазмундагы кайрылуу менен мурдагы Жалал-Абад пахта заводунун 540 киши кол койгон эмгек жамааты, пахтачы дыйкандары заводду кайрадан эмгек жамаатына кайтаруу өтүнүчү менен президент К.Бакиевге жана башка жетекчилерге кат жолдошту. Заводдун чыры боюнча сот иши жакында Жогорку сотто караларын ушул каты жарыя кылган «Жаңы ордо» гезити жазып чыкты.

Ал эми «Кыргыз руху» гезитиндеги кайрылуу кат «Түгөлбай Сыдыкбековдун үйү коркунучта!» деп аталат. Анда улуу жазуучунун Бишкектин Раззаков көчөсүндөгү өз колу менен курган үйү бузулуу коркунучунда турганын, себеби үйдүн түштүк-чыгыш ыптасына 16 кабаттуу Бизнес-Борбор курмакчы болгондор жердин түбүн көздөй 16 метр аңгек казып үңүп баратканын, ошондуктан коррупциялашкан атка минерлердин бул өңдүү жеке кызыкчылыктарынан улуттун сыймыгы болгон залкар калемгердин үйүн сактап калуу зарылдыгын жазып президент К.Бакиевге, премьер-министр А.Атамбаевге, ЖК төрагасы М.Султановго кайрылышкан. Катка С.Эралиев, С.Жусуев, А.Жумакматов, С.Күмүшалиева өңдүү Эл Баатырлары жана көрүнүктүү маданият ишмерлери кол коюшкан.

«Жаңы кылым» гезити кыргыздын эң бай деген кишилеринин тизмесин жарыялады. Тилекке каршы жаңы байлардын арасында мугалимдер менен врачтардын ичинен бирөө да жок. Жазуучу жамаатынан жалгыз гана Ч.Айтматовдун аты жүрөт. Гезит байлардын атын санаган менен акчасын санаган эмес.

Күндөрдүн бир күнүндө эле Улуу өлкө күм-жам жок болуп кетти да ордуна эгемендүү мамлекет деп аталган 15 кесинди өлкө пайда болду. Карапайым калк арасынан ак сөөктөр өсүп чыкты. Эки жүздүүлүк, ач көздүк, өз элин каратып туруп сатып жибермей көрүнүш алар үчүн кеп болбой калды. Мекен, эл, жер деп канатын каккылагандар баатыр эмес, калктын канын соруп байыгандар баатырга айланды… деп жазган «МСН суббота» гезити көлөмдүү макаласын Кыргызстандын энерготармагындагы талуулуу маселелерге арнады.

«Агым» гезити аркылуу депутат Б.Шерниязов, Жерүй алтын кенинде 15 жыл ичинде жети кожоюн алмашканын, бийлик алтын алуу менен алектенүүнүн ордуна алтын казууга уруксат берчү лицензия кагазы менен чайкоочулук кылып олтурганын, Талас эли ушундан тажаганын айтса, укук коргоочу Турсунбек Акун алтын чатагына мурдагы да азыркы да бийликтин күнөөсү барын, азыркы бийлик Акаев бийлигинен да ашып түшүп, пикетке чыккандарды куугунтукка ала баштаганын, ушу кезде таш ыргытты деген күнөө менен абакта жаткан таластык 12-13 бала милийсага кол көтөргөн деген айып менен 15-16 жылга жөн эле соттолуп кете берерин, Акаев учурунда мындайлар ашып кетсе 15 суткага гана камалып келгенин, ага айрым Мекен десе ичкен ашын жерге койгон патриот жигиттер арызданып келип, чет мамлекеттерден башпаанек сураганга ниеттенип жатышканын айтышканын, кечээ бул боюнча президенттин админстрация башчысы М.Садыркуловго киргенин, ал колдогонун, эми акыркы сөз президенте калганын, кокус чындап эле эл-жерге күйгөн адамдар ушинтип башка өлколөрдөн башкалалоо үчүн жай издеп кете баштаса, анда дүйнө алдында ит болорубузду айтып сыздаганын баяндады.
XS
SM
MD
LG