Илимди өнүктүрүүдө кошкон салымы жана саламаттыкты сактоо тармагында сиңирген эмгеги үчүн хирург Эрнст Акрамовго “Кыргыз республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылды. Мындай буйрукка президент Курманбек Бакиев бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)