Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

ГЭСтердин МЕНЧИККЕ КЕТИШИНЕ КАРШЫ ЖАШТАРДЫН АКЦИЯСЫ (сүрөтбаян)


Бүгүн эртең менен жаштардын «Жебе» кыймылынын ондон ашык мүчөсү жана тарапкерлери Жогорку Кеңештин алдына чыгышып, Камбарата ГЭСтерин менчикке берүүгө каршы нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар колдоруна «Ырыскысыбызга тийбегиле!», «Менчиктештирүүнү токтоткула!» деген сыяктуу жазууларды көтөрүшүп, ушул сыяктуу ураандарды кыйкырып турушту. Уюмдун мүчөлөрү акциянын негизги себебин, «Эгер Кыргызстан ГЭСтерди коңшу мамлекеттерге менчикке берип жиберсе анда суу ресурстары башкалардын көзөмөлүнө өтүп кетет»,- деп түшүндүрүшүүдө. Иш-чараны уюштургандар мындан ары да маселе оңуна чечилбесе каршылык акцияларын уюштура беришерин, президент мындай келишимге кол койгон учурда конституциялык сотко кайрылып көрүүнү караштырып жатканын айтышты. Акция маалында эч кандай мыйзам бузуулар байкалган жок.

Өкмөт мындан мурда Жогорку Кеңешке «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан Камбарата ГЭСтерин чыгарып берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал катуу талаш-тартыш жараткан. 19-июнда парламентке президент Курманбек Бакиев келип, бул мыйзам долбоору күн тартибине кезексиз коюлуп, соңунда көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.(IJz)

















Фото: Элеонора Бейшенбек кызы

XS
SM
MD
LG