Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:15

15:35 “Түндүк электро” АК концессияга берилет


Кыргызстандын энергетика, отун ресурстары жана өнөр жай министри Игорь Чудиновдун маалыматына караганда электр энергетикасын өнөр жай тарабынан колдонуу азайганы менен, калк тарабынан керектөө өстү. Ушундан улам элдин энергетика компанияларына дебитордук карызы 1997-жылга салыштырганда 2,5 эсе көбөйдү. Жалпы карыз 3 млрд 500 млн сом.

-Бүгүн электр энергиясы элге көмүр менен газды алмаштырып жатат. Ошондуктан, энергетика тармагын өнүктүрөбүз десек, “Түндүк электро” АК сыноо иретинде концессияга берүүгө тийишпиз,

-дейт энергетика, отун ресурстары жана өнөр жай министри Игорь Чудинов.
Аягында көпчүлүк добуш менен парламент “Кыргыз энерго” ишканасын менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алды. Жогорку Кеңештин отун, энергетика, суу ресурстары комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтуусунда электр энергиясынын баасы кымбаттабайт.

XS
SM
MD
LG