Беш күнгө созулган машыгуу учурунда катышуучулар террордук аракеттерден кийин же болбосо жардыруулардан кийин иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча тажрыйба алышты. Машыгуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү жана Оштогу талаа кеңсеси тарабынан Франция өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.
-Бул машыгуулар күч органдарын террордук акт учурунда тиешелүү аракеттерди жасоого үйрөтөт, деп билдирди ЕККУнун Бишкектеги өкүлү Маркус Мюллер.
Жардыруудан кийинки иликтөө боюнча Франциялык эки адис беш күн бою Кыргызстандык 25 экспертти окутту. Өзгөчө кырдаалдар учурунда жардыруучу заттарды зыянсыздандыруу жана жардыруудан кийинки иликтөө аракеттери – семинардын катышуучуларынын көңүл чордонунда болду.
ИИМ министринин орун басары Расулберди Раимбердиев Кыргызстандын террорчулукка каршы күрөш жүргүзүүсүндө ЕККУнун кошкон салымы зор, деп белгиледи.
Машыгууга Кыргызстандын бардык аймактарынан күч кызматкерлери тартылган.