Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

НАТО аскерлери Боснияда Каражичтин үйүн тинтти, бирок анын өзүн тапкан жок


НАТО жана Европа Биримдигинин аскерлери кечээ күнү Радован Каражичтин Босниядагы Пале шаарында жашаган аялынын үйүн тинтти, бирок Каражичти тапкан жок. 1990-жылдарда болгон ич-ара согуш учурунда Босниянын ичинде өз алдынча серб жумурияты жарыяланган жана Каражич анын президенти болуп шайланган. Согуш учурунда ал көптөгөн аскерий кылмыш жасаган деп күнөөлөнүүдө жана Бириккен Улуттардын трибуналы тарабынан издөөгө салынган, бирок 10 жылдан бери карматбай келатат.

XS
SM
MD
LG