Орусияга кызмат сапар менен келген Венесуэланын президенти Уго Чавес кечээ күнү Минскиге келип, Беларус президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Эки жетекчи - Венесуэла менен Беларус ортосундагы кызматташууну күчөтүү жана кеңейтүү жөнүндө макулдашты. 30-июнда Чавес кайрадан Маскөөгө кайтып келет жана президент Владимир Путин менен экинчи жолу кездешет. Орус Мамлекеттик думасынын депутаттарынын айтымында, Чавес суу алдында сүзүүчү кеме сатып алуу жөнүндө сүйлөшүүдө, анткени, анын айтымында, Венесуэла АКШдан коргонууга тийиш. 1-июлда Путин АКШга барып, президент Жорж Буш менен жолугат.