Орус өкмөтү кечээ күнү Франция жетекчилигине каршылык билдирди, анткени Британияда баш калка алып, Лондон шаарында жашаган мурдагы чечен жетекчилеринин бири Ахмед Закаев 27-июнда Франциянын Страсбург шаарына келип, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын жыйынына катышты. Орус өкмөтү Закаевди террорчу деп эсептейт, ошондуктан өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Закаевдин Францияга эркин келип кеткени өтө олуттуу маселелерди жаратууда.