Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Бириккен Улуттардын баш катчысы күтүүсүздөн Грузияга келип кетти

Ооганстанга сапар менен барып, кайра кайтып келаткан Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун кечээ күнү күтүүсүздөн Грузияга кайрылып, Тбилиси шаарында президент Михаил Саакашвили жана тышкы иштер министри Гела Бежуашвили менен жолугуп, Абхазия жана Түштүк Осетия маселелерин талкуулады. Жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн сый тамакка парламент спикери Нино Буржанадзе тагы катышты. Ошол эле күнү Пан Ги Мун Тбилисиден Женевага учуп чыкты.
XS
SM
MD
LG