АКШнын Жогорку соту кечээ күнү билдиргенге караганда, Куба аралындагы америкалык Гуантанамо аскерий базасында кармалган туткундар АКШнын федералдык сотуна арыз берүүгө укуктуубу деген маселе жакын арада кайра каралат. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Жогорку Сот бул маселени караган жана туткундарга андай укук берген эмес. Америкалык өкмөттүн пикиринде, Гуантанамо туткундары андай укукка ээ болбош керек.