Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:09

Британ полициясы Лондон шаарынын көчөсүндө жарылуучу зат толгон машине тапты


Лондон полициясы кечээ күнү шаар көчөсүндө жарылуучу заты бар бир "Мерседес" машинесин таап, аны зыянсыздаштырды, андан соң Лондондун дагы эки ири көчөсү текшерүү үчүн жабылды. Улуттук коопсуздук маселелери үчүн жооптуу Питер Кларктын айтымында, шектүү машинени тез жардамга бараткан доктурлар байкаган: "Алар машиненин ичинен кичине түтүн чыкканын көргөн жана полиция чакырган. Полиция келип машинени текшергенде, анын ичинде бир нече газ баллону менен туташтырылган бир топ күйүүчү май тапкан. Алардын арасында көптөгөн мык дагы болгон",- дейт Кларк. Өлкөнүн жаңы премьер-министри Гордон Браун ички иштер министри Жекки Смитке тапшырма берди, ал "Кобра" деген атайын кризис тобунун жыйынын өткөрүп, андан соң өкмөткө маалымат берет. 2005-жылдын июлунда Лондондо бир нече жарылуу ишке ашырылгандан элүүдөн ашык адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG