Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

11:40 ЖОЖдордун окутуучулары арасында кейс жазуу боюнча сынак жүрүп жатат


«EdNet» билим берүү мекемелер ассоциациясынын бул долбоорунун биринчи этабында кейс жазуу боюнча тапшырган арыздардын отуздан ашыгы тандалып алынган. Кайсы бир конкреттүү кырдаалды сүрөттөө менен анын жүрүшүндө көйгөйлөрдү таап жана аларды чечүүнүн жолдору көрсөтүлгөн баяндардын темасы өтө ар түрдүү. Окуу жай кызматкерлери арасында жаңжалдардан тартып, компанияны натыйжалуу башкаруу жаатында жазылган кейстер бар. Сынакка катышып жаткан окутуучулардын эмгектери июль айынын этегинде даяр болот жана мыкты деп табылган макалалар август айында жыйнак болуп басылып чыгат. Бул методикалык колдономо Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга жана «EdNet» билим берүү мекемелер ассоциациясынын Казакстан менен Тажикстандагы өкүлчүлүгүнө таркатылат. (EBM)

XS
SM
MD
LG