Женевада кечээ, бүгүн өтүп жаткан жыйында эл аралык жаңжалдар, экология, жаратылыш ресурстары, мамлекеттик түзүлүш жана демократияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда. Мындай иш-чарага “Ата Мекен” партиясы Орто Азия мамлекеттериндеги партиялардын ичинен биринчи болуп катышып жатат. Бул туурасында аталган партиянын маалымат кызматы кабарлады. Социалисттик Интернационал 1951-жылы Франкфурт Конгрессинде түзүлгөн жана бүгүнкү күндө курамында ар кайсы өлкөдөн 161 социал-демакортиялык багыттагы партия бар. (EBM)