Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

13:00 Баткендеги жана Кочкор районундагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акча каражаттар берилип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министри Туратбек Жунушалиевдин маалыматы боюнча 1-июлга карата жер титирөөдөн жабыркаган Кочкорлук 231 үй-бүлөгө 11 млн 550 миң сом акчалай тапшырылды. Кочкор районунда жер титирөөдөн жабыркаган 792 тургунга насыя турак-жай сертификаты берилген. 8 үй-бүлөгө200 миң сомдук, 784 үй-бүлөгө 50 миң сомдук турак-жай сертификаты бөлүнгөн. Баткен областында жер титирөөдөн жабыркаган 199 үй-бүлөгө 5 млн 440 миң сом берилди.
Мындан тышкары Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Нарында 5, Ысыккөлдө 1, ал эми Баткенде 7 үйдүн курулушу жүрүп жатат.
XS
SM
MD
LG