Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

16:00 Баткенге Кант цементинин алгачкы бөлүгү жеткирилди

Облустук муниципалдык соода уюмунун аракети менен Кант цемент шыйпыр комбинатынан Баткенге 150 тонна цемент жеткирилди. Бул КЦШКнын цементин жер-жерлерге арзан баада жеткирүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык ишке ашырылууда. КЦШКнын сатуу бөлүмүнүн башчысы Евгений Карпенконун билдиргенине караганда мындан ары ай сайын облуска 600-700 тонна өлчөмүндө цемент жеткирилип турат. Мындай жол менен жеткирилген цементти облустук бийлик 1кг – 5 сом 57 тыйындан сатмакчы.
Баткендин курулуш базарларында Кант цементинин баасы 1кг – 8 сом, ал эми Өзбекстандыкы 1кг – 6 сом турат.
XS
SM
MD
LG