Өкмөт башчынын ууланганы маалымдоо каражаттарында кызуу талкууга алынып жаткан чакта Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитети аны иликтөөгө киришти. Азырынча тергөө улантылып жатканы тууралуу кыска кабардан башка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен маалымат чыга элек.
Ошол 22-майда Алмазбек Атамбаев парламентте өзүнүн ууланышы тууралуу жарыя айткан соң журналисттер алдында иштин чоо-жайы тууралуу кабарлагысы келбегенин ачык эле билдирди. Бирок да жолун тороп жаалаган журналисттердин көңүлүн кыя албай иш бөлмөсүндө отуруп суу сураганын, аны ичкенден кийин эс-учун жоготуп жыгылганын айтуу менен чектелген.
- Эч кандай комментарийсиз. Анын эмнесин айтууга болот. 11-майда ууландым. Мен отурган иш бөлмөмдө мага суу алып келишкен, ошону ичкем. Эки күн эс-учумду жоготуп жаттым, бул уулантуу болчу. Эки жума канымды тазалашты. Азыр көрүп турасыңар, басып-туруп, сүйлөгөнгө жарайм.
Өкмөт башчы сөз арасында кызматтан кетпей тургандыгын билдирип, караниет иш ага ичи чыкпагандардын колунан келиши мүмкүн экенин кыйыткан.
- Эми мен кызматтан кетпейм! Мени коркуткусу келгендерди жакшы көрбөйм. Менде азыр душмандар көбөйбөдүбү, нааразы болгондор да көп болуш керек.
Бирок да нааразы болгон, душмандык кылган ким же кимдер экени, ал азыркы бийликке аралашып жүргөндөрдүн арасынан чыктыбы же кечээки оппозициялаштардын ичи бузуктарынын колунан келген ишпи – бул да азырынча чоң суроо. Бийлик тепкичинин эң жогору жагында турган адам ууланган чакта атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал жагдайдын чоо-жайын коомчулукка кабардар кылышы абзел эле, дейт мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев.
- Премьер-министрди уулантты дегенде эле комиссияны түзүп, медициналык экспертизаны өткөрүп, анан элге жарыялаш керек эле. «Ооба, ушундай иштер болду» деп далилдеп коюш керек эле. Андай болгон жок.
Ушуга үндөш ойду саясат таануучу Орозбек Молдалиев да билдирди. Анын ырасташынча, азырынча А.Атамбаевдин ууланышы боюнча медициналык бүтүм, анан да аркыл божомол-жоромол сөздөрдөн башка дайындуу эч нерсе жок.
- Өзү болсо оппозиция дегендей кылып турат. Анда оппозицияга шылтоолоп башкалар уюштурдубу, деген да суроо чыгат. Оппозиция А.Атамбаевди ууландырып эмне кылсын? Анда бийлик ууландырдыбы? Бийликке эмне, кетиргиси келсе ууландырбай эле кетирип иет эле го, деген сөздөр чыгат. Ушундай бүдөмүк нерселер көп болуп жатат.
Саясий күрөш-тирештин те алмустактан бери колдонулуп келаткан аркыл айла-амалдарын ачыкка чыгарып, бүдөмүк иштин аныгына жетиш абыдан кыйын. Аны табышмактуу өлүмүнүн себеп-жөнү ачылбай калган мурдагы кош палаталуу парламенттин депутаты Сатыбалды Жээнбековдун кайгылуу тагдыры деле кашкайтып көрсөтүп туру. Өткөн жылы эле табышмактуу жагдайга кабылган парламент депутаты Дооронбек Садырбаев дарыгерлердин аракети менен аман калып кыйла убакты-саатын ооруканада өткөрүп, ушу азыр деле каражанынын кайгайы менен көбүрөөк алектенип жүрөт.