Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

12:26 Новопавловка айылындагы массалык уулануу ысыккөл тамырынан болгону аныкталды


Бул тууралуу соттук-медицина экспертиза боюросунун жетекчиси Кубат Шадыбеков “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. “Уулангандар ысыккөл тамырынан жасалган дарыны уксус менен алмаштырып, аны шишкебекке кошуп жеген деген тыянака келип жатабыз. Уулануунун чоо-жайын эми тергөө иликтейт”, дейт Кубат Шадыбеков.

13-июндун кечинде Бишкектин чет жакасындагы “Алмаз” кафесинен алынган шишкебекти жеген он киши ууланып, алардын үчөөсү каза тапкан эле.

Ысыккөл тамыры (жунгар аконити) Памирде, Алтайда өсөт. Ысыккөл тамыры илгертен бери элдик медицинада ар кандай ооруларды айыктырууда кеңири колдонулуп келет. Бул өсүмдүктүн тамырында борбордук нерв системасын, дем-алуу жана жүрөк тамырларын жабырката турган күчтүү уулу зат бар. Бул зат менен ууланганда адамдын дене бою муздайт, алсыроо сезими пайда болот. Өлүм жүрөк жана дем-алуу органдары токтоп калгандан болот. Медицинада аконит затынан жасалган препарттар ооруган жерди сыртынан гана сүйкөгөнгө колдонулат. (MSu)

XS
SM
MD
LG