Кечээ, 30-июнда Эднан Карабаев Берлинде өткөн жыйынга катышты. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен быйыл Евробиримдикте төрагалык кылып жаткан Германиянын Борбор Азияга карата стратегиясынын бет ачаары болду. Иш сапарынын алкагында Э. Карабаев Германиянын федералдык министри В. Штайнмайер, Кристофер Хойсген, тышкы саясат жана коопсуздук саясаты боюнча федералдык канцлер Ангела Меркель жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн учурунда эки мамлекет ортосунда экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Мындан тышкары, Кыргызстанда суу-энергетика ресурстарын өздөштүрүү, авиа жана телекоммуникациялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн өлкөгө инвестицияларды тартуу маселеси да талкууланды. Ал эми К. Аденауэр атындагы фонддо өткөн жолугушууда Э. Карабаев “Кыргызстандын тышкы саясатынын багыты: Борбор Азия – ШКУ -Евробиримдик” деген темада доклад окуду. Фонддо өткөн жыйынга Германиянын дипломатиялык өкүлдөрү, кыргызстандык студенттер катышты.
Тышкы иштер министри Э. Карабаев Кыргызстанга бүгүн кайтып келет. (MSu)
Тышкы иштер министри Э. Карабаев Кыргызстанга бүгүн кайтып келет. (MSu)