Бул “террористтик чабуул” өлкөдө ар кайсы убакта болушу мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Мындай корутунду Лондон жана Глазго шаарларындагы бомба жардыруу аракетинен кийин жасалды. Ишемби күнү Шотландиянын Глазго калаасында аэропорттон ичинде жардыруучу заты бар машине терминалга урунуп, бирок жарылбай калган. Машиненин ичиндеги эки адам кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми бүгүн британ полицейлери өлкөнүн түндүгүнөн бул эки окуяга тиешеси бар делген эки адамды кармады. Эскерте кетсек жума күнү Лондондо ичинде жардыруучу заты бар эки машине табылган.