НАТО күчтөрүнүн курамындагы британ жоокерине өлкө түштүгүндөгү Гильменд аймагында талибдер менен болгон кагылышуулар учурунда ок жаңылган. Эл аралык күчтөр Ооганстанда талибдерге каршы чабуул баштаган 2001-жылдан бери бул өлкөдө ажал тапкан британ аскерлеринин саны жалпысынан 63кө жетти.