Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

ДЕПУТАТТАР КАЙДА ЖАНА КАНДАЙ ЭС АЛЫШАТ?


Кыргыз парламенти бир жарым айга тыныгууга тарады. Жума күнү үчүнчү чакырылган Жогорку Кеңештин үчүнчү сессиясын жаап жатып, төрага Марат Султанов бул жылы парламенттин иши өтө жооптуу жана кыйла оор болгондугун билдирип, депутаттардын жакшы эс алып келишин каалаган. Жайкы эс алуу учурун депутаттар кайда, кандай өткөрүшөт?

Жогорку Кеңештин иш башкармасынын жетекчиси Алишер Абдимомуновдун айтымында учурда отузга жакын депутат жайкы эс алуусун парламенттин Ысыккөлдөгү “Алтын көл” пансионатына барып 10 күн үй бүлөөсү менен эс алууга жолдомо алган.

“Ар бир депутат жеңилдетилген үч жолдомо алууга укуктуу. Ысыккөлдөгү бир адамдын он күндүк эс алуусунун наркы 10 миң сомдон 5 миң сомго чейин болсо, анын 50 пайызын парламент жеңилдик катары төлөп берет,-дейт Алишер Абдимомунов.

Жогорку Кенештин депутаты Айдарбек Керимкуловдун айтымында, үчүнчү сессиянын иши оор болуп, талашып-тартышуулар ден соолукка терс таасирин тийгизген. Мурда өкмөттө иштеп турганда Ысыккөлдөгү “Аврора” эс алуу жайына барышса, учурда ага барууга чама жетпейт.

-Ошондуктан депутаттар үчүн жеңилдиктер каралган парламенттин пансионатына барып эс алып, андан кийин шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрөм, -дейт Айдарбек Керимкулов.

Парламент депутаты Темир Сариев эс алуу учурунда үйбүлөсү менен Кыргызстандын тарыхый жерлерин кыдырып, тоого барып кымыз ичип, анан Ысыккөлдө ден соолугун чыңдай турганын маалымдады.

Ал эми депутат Кубатбек Байболов жайкы каникул учурунда үйбүлөөсү менен Европа өлкөлөрүнө барып эс алууга даярдык көрүүдө.

Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев жайкы эс алуу учурунда жакшы сааналаштары менен Нарын, Жумгал, Тогузторо, Токтогул аймактарындагы жайлоолорго он күндүк атчан жүрүш уюштуруп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Маамытбай Салымбеков “Дордой” ассоциациясынын Ысыккөлдөгү эс алуу лагеринде жетишпеген көп бүлөөлүү үйбүлөнүн, майып жана жетим балдар үчүн кайрымдуулук акциясын уюштуруп жатканын айтты.

Депутат Арапбай Төлөнов өзүнүн дыйкан экенин белгилеп, жайкы каникулунда таалачылык жумуштары менен алектенип, эмгек менен эс алуунун артыкчылыгын билдирди.

Жайкы эс алуу учуруна карабай Жогорку Кеңештин депутаттар тобу бүгүн Лондонго 7-июлга чейин созула турган иш сапарга жөнөп кетишти. Алар Британия парламентинде болуп парламенттер аралык кызматташтык, Кыргызстан менен Британия ортосундагы саясий-экономикалык эки тараптуу жана көп тараптуу алакалар тууралуу пикир алмашат. Делегацияны вице-спикер Тайырбек Сарпашев жетектеп, курамында депутаттар Карганбек Самаков, Асамидин Марипов, Раимбек Мамыров, Замирбек Эсенаманов, Рахатбек Ирсалиев жана аппарат башчы Ашырбек Темирбаев бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG