Иш таап бермек болгон шылуун кишилер балалуу жаш келинди күйөсү менен 4 миң долларга сыртынан сатып ийишкен. Күйөөсү оор жумуштарга чектелип, аялы үй малайынын ишин аткарып, сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган. Сириялык жигитке турмушка чыккан орусиялык аял алар тууралу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине билдирген жана аларды Эл аралык миграция уюму жардамга келип куткарган. Сирия өлкөсүндө кул болуп жүрүп кайткан үй-бүлөгө облустагы “Каниет” аттуу кризистик борбордон медициналык-психологиялык жардам берилүүдө. Айрым маалыматтар боюнча бир жыл ичинде Жалалабаттык 26 жаран түрдүү мамлекеттердеги кулчулуктан бошотулган. (YA)
18:26 Сирияга төрт миң долларга сатылып кеткен жалалабаттык жаш жубайлар кулчулуктан куткарылды