Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Галия Алымбекованын айтымында, мурдагы төрайым Айчүрөк Эшимова жардык чыгаар алдындагы дарылануу маалында ушундай буйрук чыгарган болчу. Президент Курманбек Бакиев БШК төрайым Айчүрөк Эшимованы 29-июнда кызматынан бошотуп, анын ордуна БШК төрагалыгына талапкер катары парламентке экс-баш прокурор Камбараалы Конгантиевди сунуш кылган. Парламент жайкы каникулдун алдында бул сунушту кароого үлгүргөн жок. (BuS)