Жалалабаттын экс-прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун жактоочулары бүгүн Талас райондук администрациясынын алдында нааразылык акциясын уюштурушту. Митингчилер Аксы окуясы тууралу иш бир беткей каралып жатат, ал жакта милиция кызматкерлери да жабыркаган деп айтышууда. Кудайбергеновду кайра-кайра тергегенди токтотушсун деген талаптарын билдиришти. Тынчтык митингге чыккандар менен райондун акими Канат Нартаев жолугушуп, баары мыйзамдын негизинде болоорун жана бул маселе райондук деңгээлде чечилбесин билдирди. Кудайбергеновдун жактоочусу Талас районунун тургуну Жаныш Огомбаев эгер маселе оң жагына чейилбесе кийинки митинг Бишкекте уланаарын айтты. Митинг күндүзгү саат ондон он экиге чейин болду. (UA)