Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:55

ЖАЛАЛАБАТ: YҢКҮРДӨГҮ КИШИДЕН КАБАР АЛГАН ЧОҢДОР ЖОК


Төлөн Мамарасулов Жалалабат облусунун Базаркоргон районуна караштуу Талдыбулак айылындагы үңкүрдө үй-бүлөсү менен жашайт. Ал үңкүрдү туруктуу үй-жайы жоктугу менен ооругандарды айыктыруу максатында баш баанектеп алган. Үңкүрдү казган төрт жылдан бери ал түрдүү маанидеги жазуулары бар таштарды, аса-муса таяктар менен көптөгөн сөөктөрдү тапкан. Үңкүр адыр конулуна жайгашкандыктан Төлөн бак тигип, көпчүлүк эс алар жай курууга жер сураган өтүнүчүн айыл өкмөтү четке каккан.

Төлөн Мамарасуловдун «Базаркоргон-Арстанбап» жолунун адыр капталындагы кара үңкүрдү казып, ал жерде үй-бүлөсү менен жашаганына төрт жылдын жүзү болду. Үүкүрдөн кайсы доорго тиешелүү экендиги белгисиз, балдар менен чоң кишилердин, үй айбандарынын сөөктөрү, идиш-аяк, чопо-кыштардын сыныктары, учуучу тарелкалардын сөлөкөттөрү түшүрүлгөн жана сандар менен арабча жазылган таштар жана аса-муса таяктар табылган. Төлөн үңкүрдү байырлаганга чейин катуу ооруп, айыккан. Түшүнө кирген чоочун адамдар үңкүрдү казып, оорусуна даба издегендерди дарылоо аянын берген. Ал кызы, аялы үчөө – төлгө ачышат, түркүн жара, ашказан, бөйрөк, жыныстык жана эки эстүү ооруларды көрүп, дем салат:

- Турмуштан ажырыгындар, иши жүрүшпөгөндөр келет. Кайсы бир заманда бир жаныбар болгон. Аллага, Кудайга, Теңирге баш ийбей атабыз. 2-4-5 наристе болуп турат алфабитте.

Төлөндүн көзүнө көрүнгөн белгисиз кишилер ага адамдарды баңгилик, аракечтик, сойкулук өңдүү жаман жорук-жосундардан арылууга чакыр деп ишаара кылышкан:

- Бул жерде айтат заманды оңдош үчүн кыздарыбыз, келиндерибиз жаман жолго барбасын деп. Бизге аян берип атат. Эркектер көбүнчө бузулуп баңгиликке берилип кетип атат. Ошондон качсын.

Адырдын 15 метрин тик ылдый казган Төлөндүн дагы 30 метр тереңдете казуу ниети бар. Жол таманынан ичеги–карын ооруларына даба болоор булактын көзүн ачып, чыгарган. Жаңгак көчөттөрүн өстүргөн. Бирок, күнөстүү үңкүр алдына бак тигип, эл эс алчу жайга айлантуу, пайдубалы түптөлгөн жерге мечит куруу оюн үңкүр турган Талдуубулак айыл өкмөтү колдогон эмес:

- Бул жерге бак кылсам эл суу ичет, кум бар, кумга жаткырам. Биринчи өкмөт сенин касиетиң бар экен деп жардам берди эле. Кийинки өкмөт мага каршы чыгып, документ алып кел деп ынабай койду. Ошол бойдон мага эч ким жардам бербей койду. Эки бак эктим, быйылкы жылы суу куйуп турсам, өсүп калса экологияга дагы, элге дагы жакшы болот.

Жалалабат шаарынын тургуну Бермет Сыдыкова шериги менен Төлөн табыпка барган. Анын айтымында Төлөнгө көрүнгөндөн кийин уйкусуздуктан жана жаман түштөрдөн арылган.

Өмүр бою батирде, эми үңкүрдө жашап келаткан Төлөн Mамарасуловдун тагдырына бийлик өкүлдөрү кызыккан эмес. Талдыбулак айыл өкмөтүнө ал бир жолу эле кайрылган. Тиешелүү документтери болбогондуктан ал жерге каттала албаган. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Гүлай Төлөшеванын айтымында, Төлөн сураган жер турак-жай куруу үчүн архитектуралык талаптарга жооп бербейт:

- Чындыгында биздин счетубузда жок. Мындан 3-4 ай мурун келген экен, “ака арыз жазып келиңиз, паспортуңуз болбосо мен сизди кандай тургузам, мурдагы турган жериңизден справкаңыз менен келиңиз” дегем. Ошол боюнча кабар жок. Биздин Караүңкүр дарыясы тентек сай, бак тиккенде ары-бери жагынан жөөлөп кетет. Ошол үңкүрдүн астына кичине кашагача тургузуп койгон, ошол жерге жайгашсам дейт, ал жерге архитектура уруксат бербейт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG