Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:27

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШТҮ ЭМНЕ ТЕЗДЕТЕТ?


Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү жана акылга сыярлык салык - бюджет саясаты эриш-аркак жүрсө тигил же бул өлкөдөгү экономикалык өсүштү тездетиши мүмкүн. Дүйнөлүк банктын жаңы докладында мына ушундай тыянак айтылган. Ал Бюджеттик саясат жана экономикалык өсүш "Чыгыш Европа менен Борбордук Азиянын сабактары" деп аталат.

Дүйнөлүк банктын ушул дүйшөмбүдө жарыяланган докладында Чыгыш Европа, Борбордук Азиянын мамлекеттик сарптоолору менен салык саясатынын 1990-жылдардан берки тенденциясы анализге алынып, экономикалык өнүгүүнүн ыргагы жогору Чили, Түштүк Корея, Ирландия, Таиланд өңдүү өлкөлөрдүкү менен салыштырылган. Докладда айтылгандай, эффективдүү иштеген өкмөттөр өз карамагындагы бюджеттик ресурстарды жакшыраак колдонот.

Маселен Чыгыш Европанын кирешеси орто деңгээлдеги өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу системасы Азия менен Латын Американын аларга теңдеш өлкөлөрүнүкүнө караганда кыйла чоң экен. Мунун негизги себеби - Чыгыш Европада социалдык трансфаренттер же төлөмдөрдүн көптүгү. Алсак, докладда көргөзүлгөндөй Чыгыш Европанын шаркетке 2004-жылы кошулган сегиз өлкөсүнүн социалдык чыгымдары Түштүк Кореяныкына салыштырмалуу үч эсе көп. Ал эми Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын кирешеси төмөнкү деңгээлдеги өлкөлөрүнүн чиновниктер аппаратынын көлөмү экономикалык өсүштүн ыргагы жогорку мамлекеттердикине барабар.

Эгерде мамлекеттик башкаруу начар өлкөлөрдө өкмөттүн чыгымдар өлчөмү Улуттук дүң өндүрүштүн үчтөн бир бөлүгүнөн ашып кетсе, ал өз кезегинде экономикалык өсүштүн төмөндөөсүнө алып барат. Ал эми мамлекеттик башкаруусу эффективдүү өлкөлөрдө мындай өз ара байланыш жокко эсе. Андыктан отчеттен авторлору белгилешкендей, докладда сөз болгон аймактагы өлкөлөрдүн олуттуу проблемасы – мамлекеттик сарптоолор системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу.

Докладдын авторлорунун бири Аристемен Варудакис "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна Борбор Азия тууралуу буларды айтты:

- Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн көбү билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына каражатты көбөйтүүгө муктаж. Демек бул докладдын башкы тыянактарына караганда, билим берүү, саламаттыкты сактоо өңдүү чөйрөлөрдө сарптоолордун көбөйүшү, коомдук секторду башкарууну жана коомдук сарптоолор программасынын эффективдүүлүгүн жакшыртуу менен эриш-аркак жүрүшү керек.

Отчет авторлорунун пикиринде, мамлекеттик чыгымдар системасынын натыйжалуулугун көтөрүү - ириде экономикалык өсүштү көбөйтүү, сарпталган акчанын жарандар үчүн кайтарымын камсыздоо үчүн зарыл.

Докладда Чили, Корея, Ирландия өңдүү ыкчам өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисалга тартылуу менен Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттерине төрт чөйрөдө мамлекетик чыгымдардын натыйжалуулугун артыруу боюнча сунуштарды берилген. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура жана пенсиялык камсыздоо.

Докладда көргөзүлгөндөй, маселен билим берүү менен салматтыктты сактоодо Чыгыш Европанын өлкөлөрү жакшы ийгиликтерге жетишти. Бирок, бул жетишкендик арзанга турган жок. Инфраструктурага салынган инвестиция болсо долбоорлор туура тандалган учурда, ага катар тейлөөгө жана эксплутациялоого каражат болүнүп турган шартта гана экономикалык өсүшкө жардам бере алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG