Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

ЕВРОШАРКЕТТИН БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА СТРАТЕГИЯСЫ


Еврошаркеттин Борбор Азияга карата жаңы стратегиясы жарыяланды. 2007-2013-жылдарга эсептелген бул документтин максаты - Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулуктуу сактоо, жакырчылыкты жоюу жана айлана чөйрөнү коргоо болуп саналат. Бул документтин Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга мааниси канча?

Еврошаркеттин Борбор Азияга карата стратегиясы ушул жылы 21-22-июнь күндөрү уюмга кирген мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусунда бекитилди. Ал эми ырасмий бет ачары Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерининин катышуусу менен мындан 3 күн мурун 30-июнда Берлинде болду.

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Гревлих бул стратегияда Кыргызстандын суу ресурстарын пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурулганын айтты:

- Бул стратегияда Кыргызстанга байланыштуу каралган эң негизги маселелердин бири - энергетика саясаты болуп саналат. Анткени, электр кубатын өндүрүп, аны бөлүштүрүү- жалпы аймактын бейкуттугу үчүн өтө маанилүү. Бишкекте Борбор Азиялык суу-энергетика академиясын ачалы жана суу-энергетика саммитин өткөрөлү деген пландар болуп жатат.

Элчинин белгилешинче, мындай аракеттерди ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга өнөктөш керек. Ал эми Еврошаркет Кыргызстан үчүн ушундай кызматташ боло алат.

Аталган стратегиянын 30-июнда Берлинде өткөн бет ачар аземине Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев да катышты. Министрликтин басма сөз катчысы Азиза Турдуеванын айтымында, тышкы иштер министри Эднан Карабаев Евробиримдиктин бул стратегиясын толук колдой турганын билдирди:

-Министр Э. Карабаев Берлинде өткөн жыйында белгилегендей, уюмдун Борбор Азияга карата стратегиясына чоң үмүт артылып жатат. Ошондой эле бул документ аркылуу Евробиримдик менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы баскычка көтөрүү мүмкүнчүлүгүн алат. Мисалы, суу-энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө, Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө катары статусун жогорулатууга, бирдиктүү транспорт аймагын түзүүгө жол ачылат. Муну менен Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

Элчи Клаус Гревлихтин айтуусунда, бул стратегияны Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин тышкы иштер министрлери да кубаттады.

Саясат таануучу Зайнидин Курманов Европа биримдиги бул стратегия аркылуу жалпы аймакка чоң колдоо көрсөтүп жатат деп эсептейт:

-Мурун биздин аймакка башкача көз караш менен мамиле жасашчу. Азыр абал такыр башка. Борбор Азия мамлекеттери учурда өз ордун ээлей баштады. Азия менен Батыштын ортосунда өзүнчө бир көпүрө пайда болду. Бул жерде эки авиа база бар. Бул аймакка Кытайдын да кызыкчылыгы зор. Биз суу жана энергетика русурстарына байбыз. Жакынкы 30-40 жылдын ичинде бул өтө маанилүү болот. Ошондуктан бул стратегияда белгиленген максаттар Кыргызстандын келечеги үчүн да маанилүү.

Анткен менен, айрым серепчилер гидроэнергия ресурстарын пайдалануу боюнча Еврошаркеттин талаптары Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбесе, кандай гана баалуу-барктуу уюм болбосун андай кызматташуунун келечеги күмөн деген жоромолдорун айтышууда.

Быйылтан тартып 2013-жылга чейинки аралыкта Евробиримдик Борбор Азия мамлекеттерине 750 млн евро бөлүп бермей болду. Бул каражаттын 78 пайызы региондогу ар бир өлкөнүн муктаждыгына, ал эми калган 22 пайызы регионалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

XS
SM
MD
LG