Евробиримдик тараткан билдирүүдө бул маанилүү кадам катары белгиленип, өлкө президентинин бул багыттагы аракети кубаттоого алынган. Өлүм жазасын өмүр бою абакта кармоо менен алмаштырган мыйзамга президент өткөн шаршембиде кол койгон. Кылмыш-жаза кодексин конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоого багытталган бул мыйзам долбоорун парламент 26-апрелде кабыл алган болчу.
(SM)
(SM)