Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 06:32

ИЧКИЛИКТИ ТАШТАТА ТУРГАН ДАРЫ ТАБЫЛДЫ


Азыркыга чейин алкоголизмден айыктыруучу дары чыгарыла элек. Алкоголдук ичимдиктерди таптакыр таштап койгон бирин-серин адамдар дарылангандардын 10 процентин эле түзөт. Жакында окумуштуулар алкоголизмден айыктыруу үчүн гендик терапиянын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгып, оң натыйжага келишти.

Чилинин Сантьяго университетинин окумуштуусу Амалия Сапаг жакында Американын Гендик Терапия уюмунун жыйынында сөз сүйлөп, ал жетектеген изилдөөчүлөр тобу алкоголизм оорусун гендик терапия менен дарылоодо ийгиликке жетишкенин жарыялады. Келемиштер жана чычкандар менен жүргүзүлгөн тажрыйбаларда алкоголго кынык алган жаныбарлардын организмине алкоголду сиңирүүгө шарт түзгөн генди өлтүрө ала турган вирус киргизилген. Натыйжада, алкоголго кынык алган келемиштердин ичимдик ичүүсү 50 процентке азайган.

Алгоколду сиңирүүгө шарт түзгөн ген Альдегид Дегирдогенез деп аталат. Адамдардын организмин изилдеп көргөндө аталган гени жакшы иштебеген жe мутацияланган адамдардын алкоголизм оорусуна кыйла азыраак чалдыга турганы аныкталган.

Бул жерден айбанаттар менен жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөгө алкоголго укум- тукумунан бери кынык алган келемиштер тартылганын, башкача айтканда, алкоголизмге генетикалык жактан ыңтайлуу жаныбарлар тартылганын кошумчалай кетели.

Чилилик окумуштуулар алкоголизмден дарылоонун жаңы эффективдүү ыкмасын ойлоп табышканын айтып жатышат. Алкоголиктерди дарылоодо буга чейин колдонулуп келаткан Антабюс дарысы алкоголду сиңирүүчү генди бүткүл организмде кыйратат. Аны ичип жүргөн адамдын алкоголдук ичимдикти ичкенден кийин көңүлү айнып, кускусу келип, деми кысылып, кыйналат. Бирок ичкиси келген киши дары ичүүнү токтотуп, ичкиликке кайра оңой эле кирип кетчү. Ошондуктан алкоголдон баш тартуу үчүн дарыны үзбөй ичип туруу керек эле. Чилилик окумуштуулар ойлоп тапкан жаңы ыкманын жакшы жери алкоголизм оорусун токтотуу үчүн бир эле иньекция жетиштүү болот. Ийне менен сайылган вирус алкоголду сиңирүүгө жардам берген генди толук кыйратып сала алат. Бирок бул вирусту адамдардын организминде сынактан өткөрүүгө киришүү үчүн дагы бир топ тажрыйбалар менен изилдөөлөрдү жүргүзүү абзел, дешет окумуштуулар.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG