Өзүнө плеер, телевизор, фотоаппарат, интернетти камтыган чөнтөк телефондорду япониялык же түштүк кореялык фирмалар мурда эле чыгарган, бирок бул тармакка атактуу "Макинтош" компьютерин өндүргөн "Эппл" компаниясы кайрылганы - дароо сапат эң жогорку деңгээлге көтөрүлөөрүн камсыз кылууда. 1980-жылдардын ортосуна чейин компьютерлик техника өтө татаал болуп, бир компьютер бир үйдү ээлеп келген жана дал ушул "Эппл" компаниясынын аракеттеринен улам үстөлдүн үстүнө орноштурула алган компьютерлер пайда болгон.
Үстүбүздөгү жылдын башында "Эппл" компаниясы "ай-под" деп аталган плеер чыгарган жана дароо компьютер аркылуу жазылып алынган музыканы ойнотуунун сапаты жогорулаган. Келечекте аны менен эми жакында магнитофондор гана эмес, компакт-дисктер менен DVD-лердин дагы кереги жок болуп калышы мүмкүн деген пикирлер айтыла баштады.
"Эпплдин" азыркы "ай-фон" деген телефону ошол "ай-поддун" негизинде түзүлгөн. АКШда сатыкка ал 29-июнда чыкканы менен, көптөгөн америкалык журналисттерге компания аны алдын ала бекер берген жана эки ай бою алар анын артыкчылыктары жөнүндө өз гезит-журналдарында жазып келди.
Мисал үчүн "ай-фондун" экраны өтө чоң - тогуз сантиметрге жетет, ошондуктан сыналгы программаларын гана эмес, интернеттеги сайттарды дагы таап-окуш бир кыйла оңойлонууда. Аны менен катар экранга чыккан интернет-сайттын кайсы бир бөлүгүн сөөмөйдүн тийиши менен чоңойтуп алуу да мүмкүн.
"Ай-фон" үчүн атайын аккумуляторлор дагы иштелип чыккан жана алардын жардамы менен телефон 24 саат бою өчпөстөн музыка ойноп, же интернетте тынбастан алты саат бою иштей алат. Андай иштерди жасабасаңыз, бир толтурулган аккумулятор "ай-фонду" он күн бою жумуш абалында кармап тура алат.
"Ай-фондун" дагы башка артыкчылыктары - анын салмагы болгону 140 грамм, алаканга ал оңой батат, көптөгөн командалар сөөмөйдүн тийиши менен аткарылат, интернет аркылуу ал сиздин азыр кайсы шаарда жана кайсы көчөдө турганыңызды аныктап, кайсы бир башка даректи да таап бере алат. Анын баары менен кошо "ай-фон" электрондук почта жана телефон катары дагы иштеп, бир мезгилде беш адам менен байланыша алат.
29-июнда биринчи эле күнү алты сааттын ичинде Америкада 200 миң "ай-фон" сатылды, "Эпплдин" президенти Стив Жобстун айтымында, жылдын аягына чейин бир миллион сатылууга тийиш. Европага "ай-фон" жылдын аягында, ал эми азиялык дүкөндөргө эмдиги жылы чыгат.
Анткен менен айрым эксперттер мынчалык жетишкендикке - "ай-фон" башка фирмалардын телефондоруна караганда алда канча жакшы экенинен эмес, "Эппл" өтө күчтүү реклама уюштургандыктан жетти деген пикирде. Мисал үчүн, ал Америкада 29-июнда кечки саат алтыда сатыла баштады, анткени, Стив Жобстун айтымында, аны сатып алабыз деп кызматкерлер күндүз жумуштарынан кетип калбасы үчүн кам көрүлдү. Ишемби күнү болсо "Эпплдин" дүкөндөрү эртең менен иштей баштады.
Эксперттер болсо "ай-фондун" кемчиликтерин дагы тапты. Мисал үчүн, анын аккумуляторун чыгарып, алмаштыруу мүмкүн эмес жана алар 300-400 жолу кайра толтурулгандан кийин керектен чыккандан соң эмне кылуу керек экени белгисиз. "Ай-фондун" баасы дагы бир кыйла жогору - 400-500 доллар, кореялык телефондор андан алда канча арзан.