Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

ӨСӨӨР ЭЛ ӨЗҮМ ДЕЙТ, ӨЧӨӨР ЭЛ ӨЗҮН ЖЕЙТ


Чүй проспектисинин боюнда эскилиги жеткен «сталинка» Бишкектин мына ушул өңдүү жүздөгөн үйлөрүнөн анча деле айырмаланбайт. Бирок, мына ушул 182-үйдүн өзүнүн тарыхы бар. Бул үйдө-кыргыз көркөм өнөрүнүн чыныгы жылдыздары болушкан-атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева, төкмө акын Ысмайыл Борончиев, опера ырчысы Кыдырбек Чодронов жана кайталангыс талант Мыскал Өмүрканова жашаган үй экендиги менен өзгөчө маанилүү деп жазган «МСН» гезити, мына ушул үйдү шаардагы тарыхый жана маданий эстеликтердин бири катары ырасмий түрдө каттоого алуу маселеси чечилбей келатканын баяндаган. Маселе коюлганда эле миң-түркүн бюрократтык тосмолор пайда болорун, мисалы үй тургундары «Бишкекглавархитектурага» кайрылышса, ал мындай документке ээ болуу үчүн 2700 сом төлөш керек деп жооп бергенин, кыргыз элин ошол элдин өнөрү аркылуу бүтүндөй дүйнөгө тааныткан, артында өлбөс-өчпөс из калтырган Б.Бейшеналиева, М.Өмүрканова өңдүү таланттардын өмүрү менен тарыхы кайырдил, кайдыгер адамдардын мерестигинин курмандыгы болуп жатканын жазып чыкты. Ушу күндөрү массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып жаткан мыйзамсыз жер кестирип алган атка минерлер үчүн бир заматта токтом токуй калган Бишкек мэриясынын моюну жогорудагы залкар таланттар жашаган үйдү тарыхый эстелик катары ырастоо ишине келгенде таптакыр эле бери бурулбай келе жатканы кандай гана өкүнүчтүү, демек, «Өсөөр эл өзүм дейт, өчөөр эл өзүн жейт» деген ушул турбайбы дейт.

«Агым» гезити бириккен фронттун башчысы Ф. Кулов санаалаштары Ө. Субаналиев менен М. Эшимкановду күнөөлөй баштаганын, Ошто жакында тың чыкма азаматтар жыйын куруп, «Бакиев президенттикке отурганы Түштүктүн туусун көтөрө албады, бизди уятка калтырды, андан көрө ынтымакка келип, жаш десе жаш, таза десе таза, интеллект десе интеллект, азыркы бийликтин 2-адамы болгон Марат Султановду келерки шайлоодо президенттикке көтөрөлү деген сөз болгонун, анын анык-төгүнүн билели деп чалып гезит спикерди табалбай койгонун, өкмөт башчысы А.Атамбаев парламент трибунасынан, К.Коңгантиев Майлуусуу лампа заводундагы коррупциянын башында турганын, өлкөгө 3 миллион долларлык зыян келтиргенин бүтүндөй Кыргызстандын алдында жарыя кылып күнөөлөп атса, президент мырза кабагым-кашым дебей Коңгантиевдин талапкерлигин Боршайкомдун төрагалыгына кандай себептен шашылыш коюп жатканына жооп таппаганын, атактуу жазуучу Ч.Айтматов жүрөк оорусуна чалдыгып, жакында Түркиядан операция жасатаарын, каржы министри Акылбек Жапаровдун ордуна күзүндө депутат Ахзматбек Келдибеков келет деген айың чындыкка окшоп баратканын, анткени «Энесай» гезити министр А.Жапаровдун сүрөтүн арак бөтөлкөсүнүн этикеткасына чаптап, не бир шумдук жоруктарын жазганын, ошондой эле күзүндө бийлиги да, оппозициясы да Атамбаевди отставкага айдап, анын ордуна отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Д.Үсөновду апкелгени жатканын жазды.

«Кыргыз туусу» гезитинин «Айыл ажары» аттуу тиркемесине Каракулжалык окурман Исматулла Парпиев ушу кезде айылдын айласы кетип, ыйы Кудайга жетип турганын катында муңдайт. Автордун айтымында, билегинде күчү бар жаштардын баары иш издеп туш-тарапка агып кеткенин, айылда илгерки согуш мезгилиндегидей илмийген жаш балдар менен идирейген чал-кемпирлер гана калганын, чөбүн чаптырайын десе чалгычы, эгин ордурайын десе орокчу табылбай, кыйын деп мактаган кытай трактору бирде колу, бирде буту сынып кыйнап бүткөнүн, айылчарба кооперативи түзүлгөн менен түзүк басалбай куралы да, шайманы да жок шайы ооп турганын чоңдорго кулак кагыш кылган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG