Бул тууралу Азаттыкка президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын жетекчиси Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында кыз ала качуу көрүнүшү адам укугу жаатында өлкө аброюна шек келтирет. Мына ушул маселени жергиликтүү жана четтен келген укук коргоочулар биргелешип, жакында өтө турчу жыйында талкуулашмакчы. Ага “Фридом хаус”, “Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюмдарынан өкүлдөр катышмакчы. (ElenK)
12:10 Сентябрь айында укук коргоочулардын кыз ала качуу боюнча эл аралык конференциясы өтөт