Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

17:00 Дүйнөлүк банк почта системасын реформалоо үчүн беш миллион АКШ долларын бөлөт


Кыргызстанда кары адамдардын токсон пайызы пенсияларын почта аркылуу алышат. Почта системасындагы коррупция - соцфонддун көйгөйлүү маселеринин бири. Бүгүн КРнын социалдык фондунун төрайымы Тажыкан Калимбетова Дүйнөлүк банктын өкүлү Роланд Кларк менен жолугушууда мына ушуларга токтолду. Жолугушууда социалдык фондду реформалоодо аймактардагы почта кызматтарын компьютерлештирүү каралып, дүйнөлүк банк бул үчүн беш миллион АКШ долларын бөлмөй болду. Бул тууралу соцфонддун басма сөз кызматынан Бактияр Оңолканов билдирди. (ElenK)

XS
SM
MD
LG