Mиграция жана жумушка жайгаштыруу комитетинин жамааты облустагы райондор аралык экономикалык сотко кайрылды. Анткени сот аткаруучулар Жалалабат шаардык сотунун башкармалыктын кеңсесин бошотуу жөнүндөгү апрель айындагы чечимин аткаруу маалында мыйзамсыз-иш аракеттерди жасаган. Эмгек жамааты 22-июндан бери кеңсеси жок кесиптик милдеттерин аткара албай, жарым жылдык отчет даярдоо жана район-шаарлардагы тармактык кызматтар менен байланышы үзгүлтүккө учурады. Мындай маалымат башкармалыктын төрага орунбасары Айнагүл Надировадан алынды. Шаардык сот аткаруучулар кызматынын башчысы Кадырмамат Сейдакматовдун ырасташынча 22-июндагы жаңжалды жумушка жайгаштыруу комитетиндеги жогорку маалыматтуу аялдар баштаган. Сот аткаруучуларды абийирине тиер орусча сөздөр менен тилдешкен. Май айында кеңсени бошотууга он күндүк мөөнөт берилгенин комитеттин жамааты эске албаган. Башкармалыктын жабдуулары келишимге ылайык бош кааналарга киргизилген. (YA)