Өрт чыккан күнү Маматмуса Айтмамбетов таңкы үрүл-бүрүлдө жумушуна келген. Суу таппай, суу тапса түтүгү жетпей, контейнерде шыкалган буюмун кантип өрттөлгөнүнө айласыз күбө болгон.
- Саат бештен бир он мүнөт өткөндө өрт өчүргүчтөр келишти. Бирок базардын ичине кире алышпады. Себеби, жанагы өрт өчүргүчтөр өтчү жол бизде жабык. Ага администрация контейнерлерди коюп салган. Булардын көзүнө акча гана көрүнүп калган.
Чиедей балдарын жалгыз өзү багып жаткан Энекан Идрисова банктан кредит алган. Эми аны кантип кайтарыштын амалын таппай эси ооп олтурат.
- Мен өзүм «Халык банктан» 200 миң сомго кредит алгам. Азыр эми айлам куруп, мына бир жарым ай болду же кредит төлөй албайм же тамак-ашка да акча таба албай отурам. Күйөөм жок, балдарымды өзүм багам.
Кредитти кантип кайтаруу маселеси 250 миң сомдук буюмунан кол жууган Айгүл Турдубекованын да баш оорусу.
- Акт боюнча өрттөн жабыр тарткандар 92 адам. Ошол жерден биздин «Берекет» ЖАКтын башкы директору В.Курмашев: «Эч кандай ызы-чуу кылбагыла, биз баарын төлөп беребиз» деген. Себеп дегенде, өрт түнү болуп жатат. Ал жерде кароолчулар болушу керек эле. Анан да өрт өчүргүчтөр ал жерге кире алышкан эмес. Себеп дегенде, баары темир менен тосулган болчу.
Эки баланын атасы Эркин Курманов бир контейнерге үчөө буюмун чогуу коюп соода кылчу. Бир жылдык мээнети күлгө айланып, ушу тапта ишти эмнеден баштарын билбей отурат.
- Бир жылдан ашуун тапкан мээнетибиз бир күндө өрттөлүп жок болду.
«Инэксимбанктан» 5 миң доллар үстөгү менен карыз акча алган Майрам Курманбаева да алганды кантип кайтаруунун амалын издеп отурган чагы.
- Ошону төлөшүм керек. 15 күнгө 30 доллар акчаны убагында кайтара албагандыгым үчүн үстөк төлөдүм. Бир айга зорго төлөөнү токтотуп беришти. Бир айдан кийин мен 5000 долларды үстөк пайызы менен төлөп беришим керек.
Соодагерлердин укугун коргоо демилге тобунун өкүлү Махмуд Губайдулин «Берекет» жабык акционердик коому өрт келтирген зыянды соодагерлерге төлөп бериши керек деген пикирде.
- Бул жерде адам фактору, ишке кайдыгер мамиледен, өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ушул иш болууда.
Азырынча «Берекет» базарындагы өрттөн зыян тарткан соодагерлердин талабы так чечиле элек. «Берекет» жабык акционердик коомунун маалымат кызматынын жетекчиси Татьяна Нагавицинанын айтуусунда, талаштуу маселенин баары мыйзам негизинде чечилиши абзел.
- Эгер азыр талап кылып аткандардын айткандарын аткарып акчасын төлөп берсек, эртең эле базар дагы өрттөлөт. Өрт тыйылбай калат. Жыйынга чыккандар аркыл санды айта бериши мүмкүн. Алар өздөрү акт түзүшкөн, аны эч ким текшере элек. Тергөө бүтүп, бир чечим чыкса, ошондон кийин гана сөз кылууга болот.
«Берекет» жабык акционердик коому зыян тарткан соодагерлер дагы банктан карыз акча алып, керегине жаратып туруу сунушун билдирип, анын үстөк пайызын компания өзү төлөй тургандыгын Татьяна Нагавицина маалымдады. Соодагерлер болсо компания азырынча сөздөн башка эч кандай жардам бере электигин, эгер талаптары жакын арада аткарылбаса 9-июлда пикет, жыйындарга чыгышарын, андан да майнап чыкпаса 23-июлда «Алатоо» аянтында «Берекет» соода комплексин мамлекет ээлигине алуу маселесин көтөрүп чыгышарын билдиришүүдө.