Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

МИТИНГ-ПИКЕТТЕРГЕ МОРАТОРИЙ ЖАРЫЯЛООНУН КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ КЕРЕГИ БАР?


Жогорку Кеңештин акыркы жыйынында депутат Мурат Жураев Кыргызстандын аймагында пикет-демонстрацияларды өткөрүүгө бир жылга мораторий жарыялоо үчүн мыйзам долбоорун сунуштап, депутаттардын колдоосуна ээ боло алган жок. Бир катар депутаттар кыргыздар митинг-демонстрацияларды өткөргөндү дале үйрөнө албай жатышканын, аларды баштагандар элди таштап качып кетишерин, ошол себептүү ага бир жылга мораторий жарыяласа эч нерсе болбосун айтышканы менен башкалары ага каршы чыгышты. Жарандык коомдун өкүлдөрү дегеле митинг-демонстрацияларга мораторий жарыялоо идеясы баш мыйзамга каршы келерин, мындай демилгени көтөргөндөрдүн жеке саясий максаттары бар экендигин айтышууда.

Депутат Мурат Жураев мурда да митинг-демонстрацияларга мораторий жарыялоо керектигин айтып келген. Ал парламенттин соңку жыйыны болгон 29-июнда да бул маселени көтөрүп, депутаттарды мыйзам долбоорун кабыл алып берүүгө үндөдү. Митингдерге мораторий жарыялоого каршы чыккан депутаттар бул мыйзам долбоору жарандардын баш мыйзамда жазылган укуктарын буза турганын айтышып, кесиптештерин добуш бербөөгө чакырышты. Мурат Жураев эмне себептен митинг-жүрүштөргө мораторий жарыялоо керектигин мындайча түшүндүрөт:

- Үч миң адам Кыргызстандын беш миллион адамынын тынчтыгын бузуп атат. Ошондуктан конституцияга каршы деле болгон жок. Бул жерде биз мораторийди бир жылга коюп атабыз.

Депутаттардын кыйласы Мурат Жураевдин мыйзам долбоорун сындап чыгышты. Маселен, депутат Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, депутаттар мындай мыйзамды кабыл алуу менен адамдардын эркиндигин, укуктарын чектегенге акылары жок:

- Бул баш мыйзамга каршы келет. Ошондуктан мораторий жарыялоо адам укуктарын, эркиндигин чектөө болуп эсептелет. Жогорку Кеңеш адам укугун чектеген мыйзам кабыл алганга акысы жок.

Депутаттардын алдында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да митингдер Кыргызстанга сөзсүз түрдө керектигин айтты. Анын айтымында эгерде митингдерге тыюу салынса Кыргызстандын, өнүгүшү, келечеги күмөн болуп калат:

- Мен премьер-министрдин позициясын айтайын. Митингдер Кыргызстанга керек. Бирок митингдер мыйзамдуу, тартиптүү түрдө болуш керек. Мыйзамда жазылгандай, жолдорду буубай, таштарды ыргытпай, бийлик тынч жол менен бизге өтөт дебей. Митингдер кереги жок деп чыксак анда өнүгүшүбүз мүмкүн эмес болуп калат.

Митингдер маселеси чындап эле акыркы кездерде оор болуп калгандыгын айткан депутат Исхак Масалиев, азырынча көпчүлүк мындай иш-чараларды өткөргөндү үйрөнө элек деген ойдо. Анын ырасташынча, кайсы бир адамдар элди өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп, акырында көпчүлүктү таштап качып кетип аткандыктан убактылуу ага мораторий жарыялап койгон деле оң:

- Мындай болуп атат да. Бул жерде чынында маселе оор болуп атат. Эгер он миң адам аянтта митинг өткөрсө, Бишкектеги 990 миң адам анын азабын тартып атат. Менимче эгер убактылуу чара катары болсо мораторий жарыяласа деле эч нерсе болбойт. Демократияга каршы болсо боло берсин. Демократия азыр бизде ашыкча болуп калды.

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү айрым депутаттардын митинг-демонстрацияларга мораторий жарыялоо демилгесин тынчсыздануу менен кабыл алышууда. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, кыргызстандыктар тынч митингдерди өткөргөнгө үйрөнүп калышты жана айрым чиновниктерге, айрым депутаттарга алардын укугун чектөөгө жол бербөө керек:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандары эркин пикеттерди, митингдерди тынч жана күчтүү формата өткөргөндү үйрөнүп калышты. Бул жарандардын баш мыйзамда жазылган укуктары. Аны алардан эч кандай депутат ала албайт. Алар өздөрүнүн кызыкчылыгы же кандайдыр бир «кландык», үйбүлөлүк системаны күчөтөлү деп ошол жерлерде отурушкан жок да.

Ошентип, митинг-пикеттерге мораторий жарыялоо демилгесин көпчүлүк депутаттар колдошкон жок. Серепчилердин баамында кээ бир оппозициядагы саясатчылар күзүндө кайрадан элди көчөгө алып чыгууну пландап жаткандыктан, маселе депутаттар эс алуудан келгенден кийин эле дароо көтөрүлүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG