Грузия Орусияны Москва менен Тбилисинин ортосундагы аба катнашын быйыл жайда калыбына келтирүү жөнүндөгү убадасын бузганы үчүн айыптады. Орусия Грузия менен аба катнашын былтыр октябрда токтоткон. Грузиянын "Эйрзена" авиакомпаниясы Москва менен чартердик каттамдарды июль менен августа жүргүзүү жөнүндөгү макулдашууга жетишкенин жарыялаган эле. Алгачкы рейс бүгүнкүгө белгиленген, бирок компаниянын соңку билдирүүсүнө караганда, Орусия тарап буга расмий уруксат берген эмес.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага