Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Арменияда өлкө парламенти чет элдик радиостанциялардын ишин олуттуу чектеген мыйзамды кабыл алалбады


Ал мыйзам башкалар менен катар "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун да обого чыгуусун олуттуу чектемек. Мыйзам долбоору бүгүн кворум жоктугуна байланыштуу кабыл алынган жок. Мыйзам экинчи окуудан каралып жаткан эле жана кворум оппозициялык маанайдагы депутаттар парламент жыйынын бойкоттогондон улам болгон жок. Ал мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк радиолордун берүүлөрү мамлекеттик телерадионун толкундардында обого чыгуусуна тыюу салынат, ал эми жеке менчиктеги радиостанциялар ал берүүлөрдү тараткан учурда ири өлчөмдө салык алынат. Өкмөт аталган мыйзамды өткөргүсү келсе, эми кайра биринчи окуудан киргизиши абзел. ЕККУ уюму мыйзамды сынга алуу менен анын кабыл алынышы "Азаттык жана Эркин Европа" радиосун тыю салгандыкка барабар болмоктугун, келерки жылдын мартындагы президенттик шайлоо эркин жана адилет өтмөк эместигин билдирген.

XS
SM
MD
LG