Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

12:05 Коомдук кыймыл америкалык базанын кетишин талап кылганы жатат


Буга байланышкан митинг 7-июлда Антитеррордук коалициянын аба-аскерий базасы жайгашкан аймакта өтөт. Анда АКШ жана Кыргыз өкмөттөрүнө онго жакын талап коюлганы жатат. Алардын катарында кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн америкалык аскер кызматкерин Кыргызстанга өткөрүп берүү, экологиялык экспертиза жүргүзүү, базада болгон бардык окуяларга Конгрессте баа берүү, макулдашууну кайра кароо өңдүү онго жакын талап бар. Бул тууралуу бүгүн «Америкалык аба-аскерий базаны Кыргызстан аймагынан чыгаруу» кыймылынын лидери Александр Типеров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, кыймылды коммунисттердин эки партиясы, Либералдык-прогрессивдик,«Содружество» партиялары, саясатчылар, жарандык лидерлер колдоп жатышат. Митингге катышуу үчүн Бишкектен болжол менен алтымыш чамалаш киши барат. (BuS)

XS
SM
MD
LG